«Медиа Полиси Институту» бийликти сын айткандарга каршы күрөштү токтотууга чакырды

«Медиа Полиси Институту» бийликке сын айткандарга каршы күрөштү токтотууга чакырды. Кайрылуу уюмдун Фейсбук барагына жарыяланды.

Уюмдан активист Ырыс Жекшеналиевге тагылган айыптарды бийликти сындаганы үчүн «куугунтуктоо» деп атап, анын максаты коомчулукту кызыктырган темалардагы талкуулоого «бөгөт коюу» деп билдиришти. Блогерге бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, институт бул социалдык түйүндө бийликти сындаганы үчүн козголгон үчүнчү кылмыш иши экенин кошумчалашты. Буга чейин активисттер Мирлан Ураимов менен Мыктыбек Адилет Али жоопкерчиликке тартылган.

«Медиа Полиси» Жекшеновго тагылган айыптар — «негизсиз жана мыйзамсыз» деп эсептейт. Уюм кайрылуусун активист чыгарган постто коомдук коопсуздукту бузган аракеттерге чакырыктар болбогону менен негиздеген.

«Тынчтык митингдерге, демонстрацияларга чыгууга чакыруу — коомдук коопсуздук же бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөө сыяктуу кылмыштын курамын түзө албай турганын эскертебиз. Тынчтык митингдерге катышып, чакырыктарды жасоо өлкөдөгү ар бир жарандын конституциялык укугу болуп эсептелет», — деп белгилешти уюмдан.

Ошондой эле алар постто «такталбаган маалымат» болгон учурда деле, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болуп бере албайт деп кошумчалашты.

Аны менен катар, укук коргоочулар бийликти үч активистке карата «куугунтукту» токтотууга чакырышты.

«Биз бийликти кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камоо түрүндөгү чукул чараларды колдонуу аркылуу бийликти сындагандарга каршы күрөштү токтотууга жана профессионалдык максаттар жана милдеттер боюнча жигердүү иштерди баштоого чакырабыз», — деп билдиришти уюмдан.

Активисттердин кармалышы

Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган. Ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

16-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

30-июнда Next TV каналынын штаттан тышкаркы кабарчысы, активист Адилет Балтабаев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган. РИИБден билдиришкендей, ага «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылган. Тергөө уланып жатат.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун пикиринде, активистке жарандык позициясын ачык айтканы үчүн ойдон токулган кылмыш иши козголгон.

Адилет Балтабаев активист катары белгилүү. Ал соцтүйүндө сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы постторду жарыялаган. Ошондой эле, Балтабаев журналист Болот Темировду колдоп келген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-февралда Мирлан Ураимовду «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Активист өзү комментарий калтырбаганын, ал эми аккаунту эбак эле бузулуп, аны колдонбой калганын айткан.

9-февралда УКМКдан Ураимов «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен кармалганын айтып, ал социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан» деп түшүндүрүп беришкен. 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен активист 26-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсуна камалган. 9-мартта Бишкек шаардык соту Ураимовду эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошоткон.