УКМК Мирлан Ураимов «бийликти басып алууга чакырык жасоого» шектелип кармалганын билдирди

Мирлан Ураимов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирди.

Атайын кызмат Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан» деп белгиледи. Ал 8-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген болчу.

«УКМК жарандарды социалдык тармактарда тарап жаткан өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган антиконституциялык чагымга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат», — деп кошумчалады атайын кызмат.

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова 8-февралда күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Ошондой эле, адвокаттын айтымында атайын кызмат Ураимов жазды делген комментарийди экспертизага жиберип, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар экенин» аныктаганын маалымдаган.

Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

«Ураимов комментарийди жазган эмесмин деп айтып жатат. Ал мындайга жол бермек эмес. Биринчиден чакырык жасаган эмес, экинчиден эч кимдин атын так атаган эмес», — деген Богданова.

Ураимов 8-февралда саат 19:00 чамасында кармалган. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарланган.

Ураимов коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү. Ошондой эле ал социалдык тармактарда бийликти сындап келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!

«“Дежур” каналдар». Куршабда тургундар менен «Региондун» мурдагы журналисти чырдаша кетти