УКМК: «Тазалык» ишканасында иштебеген адамдарга айлык төлөө боюнча коррупциялык схема табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы «Тазалык» муниципалдык ишканасына «мекемеде иштебеген» кызматкерлерге эмгек акысы «төлөгөнү» үчүн кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 18-августта «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек мэриясына караган «Тазалык» ишканасынын жооптуу кызматкерлери иш жүзүндө эмгектенбеген же кыскартылган жана ошондой эле өлкөдөн сырттагы адамдарга эмгек акысын чегерип жүргөнү аныкталган.

Комитеттен чыгарылып кеткен каражаттардын баары схеманын уюштуруучулары тарабынан жеке муктаждыктарга бөлүнгөнүн билдиришти.

«Белгилей кетсек, кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири, “Тазалык” ишканасынын кызматкери Ч.М. өткөн нааразылык акцияларынын демилгечилеринин бири болуп саналат, анын натыйжасында “Тазалык” МИнын жолго коюлган ишинде мүчүлүштүктөр болгон», – деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

«Тазалыктын» кызматкерлеринин митинги

11-августта Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү чечимине каршы экенин билдиришкен.

Акцияга чыккандар менен шаардын вице-мэри Олег Попиков жолугуп, Биринчи май району шаардын борборундагы чоң район болгондуктан техникалары бар ишканага берилгенин түшүндүрүүгө аракет кылган.