Бишкек: Бала бакчанын алдында жайгашкан турак үйдөгү өрттө жабыркагандар жок

19-августта Бишкек шаарынын Ташкент көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыкты. Эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт тууралуу маалымат саат 11:19да түшкөндүгү, ал жерге өрт өчүрүүчү төрт бригада чыгып кеткени айтылды.

«Турак үйдүн артында жеке менчик бала бакча жайгашып, өрттүн жалыны ага өткөн эмес. Өрт турак үйдүн өзүндө чыгып, жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн. 11:45те чектөөгө алынган. Бактыга жараша жабыркагандар жок», – деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бала бакчанын ичиндеги бөбөктөр турак жайдын маңдайында жайгашкан «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын имаратына эвакуацияланган.