Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго эки бөлмөлүү батир белек кылынды

Бишкек шаардык кеңештин экс-депутаты Байсалбек Эргешев WBA’нын жарым оор салмактагы чемпиону Дмитрий Биволго эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу спортчу өзү Фейсбук барагында кабарлады.

Бивол — Кыргызстанда туулуп өскөн орусиялык боксчу. Учурда ал Ысык-Көлдө, ал жакка 9-августта машыгууга келген.

Активист Мурат Сооробеков Фейсбуктагы барагына экс-депутат мушкерге батирди «кичи мекенинде үйү болуп, тез-тез келип турсун» деген тилекте белек кылганын билдирди.

15-августта Токмок шаардык мэриясы орусиялык мушкерге «Токмок шаарынан ардактуу атуулуу» наамын ыйгарганы белгилүү болгон.

Дмитрий Бивол

Дмитрий Бивол 1990-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында төрөлгөн. Спортчу бокс менен 6 жашынан тарта алектене баштаган.

2002-жылы үй бүлөсү менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен.

Бивол 2007-жылы эл аралык класстагы спорт чебери болгон.

Ал бокс боюнча WBA, WBC, IBF жана WBO рейтингдеринде эң жогорку орундарга көрсөтүлгөн. Спортчу профессиналдык боксто 20 жеңишти камсыздаган (анын 11и нокаут менен болгон). Ал бир да күрөштө жеңилген эмес.

8-майда Лас-Вегаста Кыргызстанда туулган спортчу Дмитрий Бивол дүйнөдөгү эң күчтүү мушкерлердин бири мексикалык Саул «Канело» Альварести утуп, WBA чемпиондук курун сактап калган.

Бивол мексикалык спортчу менен беттешке кыргыз желегинин астында чыккан.

Орусиянын «Известия» басылмасы Биволго Орусия Федерациясынын гимни жана желеги менен чыгууга уруксат бербей коюшканын жазган. Басылманын маалыматына ылайык, спортчу жана анын командасы кысымга кабылгандыктан беттешке чыгуудан баш тартууну ойлонууга мажбур болушкан. Бирок жыйынтыгында мындай чечим кабыл алынбаганын басылма тактаган. Жеңиштен кийин президент Садыр Жапаров Биволду куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалаган.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.