Липосакциядан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча иш кыскартылды

Бишкектеги Art clinic менчик клиникасында липосакция жасаткандан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милициядан иштин кыскартылышына тараптардын элдешкени себеп болгонун айтышты.

«Тараптардын жарашуусу жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу келишиминин негизинде кылмыш ишин токтотуу өтүнүчү келип түшкөн. Буга байланыштуу хирургга карата козголгон кылмыш иши токтотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Свердлов райондук соту жеке менчик клиниканын хирургун ТИЗО-1ге бир айга камакка алган болчу. Ага карата «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен айып тагылган.

40 жаштагы аял 14-июнда Art clinic’те липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшкөн. Анын организми катуу ууланып, кома абалында болгон.

Кийинчерээк бардык органдары жарактан чыгып, дарыгерлердин аракетине карабай бир нече күндөн кийин көз жумган.

Бул факты боюнча тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Липосакциядан кийин каза болгон аялдын иши боюнча хирург камакка алынды