Кичинекей Аруузат көптөн күткөн «Золгенсма» уколун алды

Омуртка булчуңдарынын атрофиясына чалдыккан кичинекей Аруузат көптөн бери күтүп жаткан «Золгенсма» уколун алды. Бул тууралуу анын ата-энеси Instagram барагында билдиришти.

«Золгенсма» — дүйнөдөгү эң кымбат дары болуп саналат. Бир эле ампуланын баасы 2 млн доллардан ашат, бирок атрофияны токтотуу үчүн ошол эле жетиштүү. Препарат бейтапка бир эле жолу жасалат.

Аруузаттын жакындары өлкө бийлиги омуртка булчуңдарынын атрофиясына чалдыккандарга көбүрөөк көңүл бурат деген ишеничте.

«Ооба! Ооба, акыры бул күн да келди! Ура! Аруузат көптөн бери күтүп жаткан “Золгенсма” уколун алды. Азыркыга чейин ишене албай, колдорубузду калтырак басып турат, бул күн дагы келди. Жараткандын колдоосу менен ушул күнгө жеттик! Ыктыярчыларыбызга биз менен бирге басып өткөн жол үчүн чексиз ыраазыбыз! Кызыбыздын өмүрүн сактап калганыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык! Азыр толкунданып турабыз, кийинчерээк шашпай баарын айтып беребиз», — деп кайрылышты алар кыргызстандыктарга.

Ошондой эле Аруузаттын ата-энеси видео кайрылуу жасап, азыр Дубайдагы ооруканада экенин, уколдон кийин врачтар кыздын абалын байкаштырып жатканын айтышты.

«[Уколдун] терс таасири дагы күтүлөт, бирок оорунун өрчүшү токтоп калышына салыштырмалуу — бул эч нерсе эмес. Биз чынында абдан бактылуубуз. Силер жок болгондо, балким бул күн эч качан келмек эмес», — дешти кыздын ата-энеси.

Үч жашар Аруузаттын уколуна каражат бир жыл үч айдын ичинде топтолгон. Үстүбүздөгү жылдын мартында дарылоо үчүн талап кылынган 2,3 млн доллар чогулуп бүтүп, акча чогултуу жабылган.

Омуртка булчуңдарынын атрофиясы сейрек кездешүүчү, тукум куучу нерв-булчуң оорусу — анын кесепетинен дененин бардык булчуңдары жабыркайт. Алгач бейтаптын колу-бутунун күчү кетип, андан кийин жутуу жана дем алууга жооп берген булчуңдары атрофияланат. Көбүнесе адам баласы толук акыл-эсинде туруп, абанын жетишсиздигинен каза болот, бирок оору акыл-эске эч кандай залал келтирбейт.