«Үмүт жана Ко» заводунун жумушчулары Журат Абдуллаевди бошотууну суранышууда

«Үмүт жана Ко» заводунун жумушчулары ишкананын ээлеринин бири Журат Абдуллаевди бошотууну суранып жатышат. Алардын видео кайрылуусу Tik-Tok платформасында жарыяланды.

@mahunchiev_777 Ответ пользователю @даже бомжу не ♬ оригинальный звук - mans _777

Жумушчулар эгер заводдун иши токтоп калса, ишинен айрылып калышарын айтып тынчсызданышты.

«Мен [бул заводдо] 21 жылдан бери иштейм жана [Журат Абдуллаевге] ыраазымын. Мен эле эмес, азыр заводдогулардын көпчүлүгү тынчсызданып турушат. Заводду жаап салышса биз эмне кылабыз? Баарынын үй-бүлөсү, кредиттери, жаш балдары бар», — деди жумушчулардын бири.

Ошондой эле ал, Абдуллаев бизнесин «нөлдөн баштаганын» айтып, «эгер аны коё беришпесе заводду кышына чейин талап кетишет» деп кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын Сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Темирбек Ажыкулов Kaktus.media басылмасына «Үмүт жана Ко» ишканасын жабуу же ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу сөз жок экенин билдирген.

Абдуллаевдин кармалышы

Журат Абдуллаев ок дары, курал-жарактар жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоого шектелип 19-августта кармалган. Ишкердин үйү жана иштеген жеринен чоң сандагы курал-жарак, жарылуучу заттар, ошондой эле пулемёту бар ок өтпөгөн унаа табылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-августта Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап, аны эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизүү чечимин кабыл алган.

УКМКдан «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ишмердигине тоскоолдук жаралбай турганы, тергөө курал-жаракты мыйзамсыз сактоо боюнча гана жүрүп жатканын белгилешүүдө.