Садыр Жапаров бардык облустук телеканалдарды УТРКга өткөрүп берди

Президент Садыр Жапаров бардык облустук телеканалдарды штаты, каржысы жана материалдык-техникалык каражаты менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өткөрүп берди. Президенттин жарлыгы Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, УТРКнын карамагына Асанхан Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрине бекитилип берилген чоң концерттик студия да өтөт.

Президенттин жарлыгына ылайык, УТРКнын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана телеканалды техникалык жактан жаңылоо үчүн да каражат бөлүнөт.

КТРКны реформалоо жана ага карата сындар

Президент Садыр Жапаров 13-майда Коомдук телерадио берүү корпорациясынын макамын «коомдуктан» «улуттукка» өзгөртүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

КТРКны реформалоо тууралуу маселе 2021-жылы эле айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.

«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева ноябрда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүргөн.

Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо байкоочулук кеңеште «өтө чоң коррупциялык көрүнүш» болгон.

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнгөн.

Медиакоомчулук «сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликтин аянтына айланат деп эсептешет.