Бишкек: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат өндүргөн лаборатория аныкталды

24-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат өндүргөн лаборатория аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен бир адам кармалып, жанынан 95 грамм психотроптук зат табылган.

Тинтүү учурунда табылган заттар. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Андан аркы тергөөнүн жүрүшүндө дагы бир кишинин үйү тинтүүгө алынып, баңгизат өндүргөн лаборатория жана химиялык зат, синтетикалык баңгизат өндүрүүгө колдонулган жабдыктар табылган.

«Шектүү “Альфа-ПВП” психотроптук затын катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген. Табылган психотроптук заттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, баасы 1 миллион 500 миңден ашык сомго бааланды», — деп белгилешти министрликтен.

Андан тышкары үйдүн ичинен эки канистр суюк «Альфа-ПВП» психотроптук каражаты жана төрт канистр чийки зат табылды.

ИИМден учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин, июль айынын аягында Бишкек шаарынын тургундарына көптөн бери баңгизат сатып келген Коргоо министрлигинин кенже сержанты кармалган. Шектүүнүн «гашиш» баңгизатын сатуу боюнча атайын канал уюштуруп алганы белгилүү болгон. Ал Бишкек гарнизонунун кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

«Баңгизат сатуу боюнча атайын канал уюштурган». Коргоо министрлигинин аскер кызматкери кармалды