Милиция сексуалдык ыдык кылды деп айыпталган хореографты суракка алды

Милиция хореограф жана продюсер Чубак Канатбек уулун суракка алды. Буга чейин кыргыз бийчиси Элиф Туралыева хореограф ага 2019-жылы сексуалдык ыдык кылганын айтып чыккан болчу.

Бишкек шаарынын Ленин РИИнен «Клооптун» кабарчысына Канатбек уулу күбө катары суралганын билдиришти. Милициядан бийчи кызга карата экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Элиф Туралыева Teens.kg долбооруна жана «Клооптун» журналисттерине хореографтын ыдыгына кабылганы тууралуу окуясын айтып берген. Кыздын айтымында, 2019-жылы алар бий тобу менен бир үйдө чогуу жашашкан, ал эми продюсери көп учурда алардын үйүндө түнөп калчу. Ал кезде Туралыева жашы жете элек кыз болчу.

Элифтин окуясы коомчулукта резонанс жаратып, кийин ошол эле бий тобундагы башка кыздар дагы өздөрүнүн Канатбек уулуна байланышкан ушул сыяктуу эле окуяларын бөлүшө башташкан.

Хореограф өзү ага тагылган күнөөлөрдүн бардыгын четке кагууда. Чубак Канатбек уулу «Клооптун» журналистине курган маегинде учурда «териштирүү» жүрүп жаткандыктан комментарий бере албасын билдирген. Бирок жагдайын чоо-жайы аныкталган соң редакцияга жазууну убадалаган.

Милиция Элифтин арызын кабыл алып, териштирүүнү баштаганына карабастан, кыздын айтымында, милиция кызматкерлери «арызды алып, иш козгогулары келбей» басым жасашкан.

Материалдын автору: Надежда Семёнова

Дагы окуңуз: «Эркектерден корком». Бийчи кыз хореографтын сексуалдык ыдыгына кабылганын айтты