Минкаб «Кумтөрдө» тышкы башкаруу режимин аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компанини» тышкы башкаруусун жыйынтыктоону тапшырды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буйрукка 23-августта кол коюлган. Документте «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк тышкы башкаруу киргизилген убакыт ичинде, башкача айтканда, 2021-жылдын 17-майындан бери жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча эки апта ичинде отчёт бериши керектиги айтылат.

Кумтөр кенине тышкы башкаруу кыргыз бийлиги менен Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда башталган талаштан кийин киргизилген болчу. Ал өзүнүн «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» ишканасы аркылуу кенди иштеткен. Бөлтүрүк КГКнын тышкы башкаруучусу болуп 2021-жылдын 18-майында дайындалган.

Ал эми 2022-жылдын августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» жетекчилигинен четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы «Кумтөрдүн» ишин текшерип, кенден каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон. Ошол эле кезде текшерүүнү өзү 2022-жылдын майында эле башталганы белгилүү.

Анткен менен минкабдын башчысы Бөлтүрүктү «Кумтор Голд Компанинин» тышкы башкаруучу кызматынан алуу тууралуу буйругуна 2022-жылдын февралында эле кол койгон.

Ушул эле буйрук менен Жапаров Бөлтүрүк башкарган «Улуу Көчөмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингин «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу кылып дайындаган. Ал эми «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингин Тенгиз Бөлтүрүк 15-февралдан тартып башкара баштаганы белгилүү болгон.

Бөлтүрүк менен кошо ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов да кызматынан бошотулган. Бирок өкмөттөн Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берерин айтышкан.

Натыйжала КГКнын президенти болуп Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыктын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалган.