Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингине жетекчи болду

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук компаниясынын төрагасы болуп «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды. Бул тууралуу Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралдагы маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги, бийликтин оюнча, Кыргызстандагы бардык тоо-кен казуу ресурстарын бириктириши керек.

Жапаров компаниянын уставдык капиталы 10-15 млрд сомду түзөрүн белгиледи.

«Чет мамлекеттерде ийгиликке жеткен, кыргызстандык мекендештер жетектеген 20га жакын компаниялар ишенип келип жатат. Жакын арада бир топ долбоорлорду көрөсүздөр. Ошонун ичинде чалгындоо иштери дагы 12 чоң кенде жүрөт. 100% мамлекеттин карамагында болгон мекемелерге Жерүйдөй кылып сынак кылбайбыз, мындан ары аны “Улуу көчмөндөр мурасына” беребиз», — деди минкабдын төрагасы.

Ал компаниянын башка дагы ири долбоорлору бар экенин кошумчалады.

Жапаров дагы эки уюм түзүлө турганын айтты. Биринчиси — уставдык капиталы 1 млдр сомду түзгөн «Кыргызиндустрия» компаниясы. Аны экономика министринин орун басары Жарасул Абдураимов жетектейт. Экинчиси — туризм маселелери боюнча фонд, аны «Ак Сай Трэвел» компаниясынын башчысы Елена Калашникова жетектемекчи.

«Мурас» жана Бөлтүрүк

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөнү тууралуу 14-декабрда белгилүү болгон.

Ал күнү минкабдан улуттук холдинг президенттин кен казуу тармагын реформалоо боюнча жарлыгынын негизинде түзүлгөнүн түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасынын» түзүүчүсү — Финансы министрлиги.

Тенгиз Бөлтүрүк — Кумтөр кенинин тышкы башкаруучусу жана Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Кыргызстан Кумтөр кенинде тышкы башкаруу 2021-жылдын майында киргизген. Буга чейин алтын кенин «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Centerra башкарып келген. Август айында Бөлтүрүк кенде тышкы башкаруу автоматтык түрдө узарып, башкаруу мөөнөтсүз боло баштаганын маалымдаган.

Бөлтүрүк 2020-жылы октябрда Кыргызстанга кайтканга чейин 20 жылдан ашык чет өлкөдө жашап, түрдүү кен казуучу компанияларда иштеген. Анын кош жарандыгы бар — Кыргызстандын жана Канаданын.