Кочкор: Чу дарыясындагы көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду

Нарын облусундагы Чу дарыясындагы көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 26-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор — Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргөн.

Анын жүрүшүндө бюджеттик каражаттар жеке курулуш ишканасына алдын ала мыйзамсыз которулуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбаганы аныкталган. Жалпысынан мамлекетке 5 млн 728 миң 133 сомдук зыян келтирилген.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.