Нарындын мэри окуучусу алтын сертификат алган мугалимдерге унаа белек кылууну убадалады

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев окуучулары Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) алтын сертификат алган мугалимдерге автоунаа белек кылынаарын билдирди. Бул тууралуу аткаминер Фейсбук барагына жазды.

«Бул демилге ар бир мугалимге стимул болот деп ишенем. Келээрки окуу жылдын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарындагы мектептерден ким ЖРТнын Алтын сертификатын алса, ошол окуучунун мугалимине автоунаа белек кылабыз. Каржы булактарын табууну жана ушул ишти аягына чыгарууну өзүм көзөмөлдөйм», — деп жазды Тутуев.

Аны менен катар, Нарындын мэри мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.