Садыр Жапаров: Кыргызстандан чыккан алтын качан, кайсы өлкөгө сатылып жатканы айтылбайт

Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын качан, кайсы өлкөгө сатылып жатканы тууралуу маалымат ачыкталбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров мындай чара элден жашыруу эмес, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жасаларын белгиледи.

«“19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур" деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жатканы өзгөчө жашыруун. Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн», — деди Жапаров.

Президент алтын чет өлкөлүк банктарга жеткирилип, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатыларын айтып, бардык документтер архивдерде өмүр бою сакталып каларын белгиледи.

«Мурдагыдай тараза таппай коюп, көз өлчөм менен жөнөтүп жибердик деген заман жок азыр. "Кумтөрдөн" бир килограмм алтынды биякка коелу, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт», — деп ишендирди Жапаров.

Буга чейин «Азаттык» үналгысы расмий маалыматтарга таянып, Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал 19 тоннаны тузбөй турганын жазган.

Маалыматка ылайык, алтындын негизги бөлүгү, баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн алтын «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон. Өкмөт өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтынды Кыргызстан кимге сатканын купуя сыр кылып койгон.

Тема боюнча:

«Азаттык»: Кыргызстан 19 тонна алтынды «белгисиз өлкөгө» экспорттогон