Араван: Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милициянын орой мамилесине даттанууда

Ош облусунда зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу Мухайо Абдураупова Араван жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлерин орой мамилеге айыптады. Ал эми ОИИБ анын айткандарын четке кагууда.

Абдураупова милициянын иш-аракетине нааразычылыгын 29-августта өзүнүн фейсбук барагында жазды. Анын айтымында, Араван РИИБи акыры зомбулук жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл алган.

«Психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнгөнүбүздө тергөөчү “өзү баарын жакшы көрүп турганын” айтты. Менимче ал “эксперт” окшойт. Андан сырткары аялга орой мамиле кылып, “сен” деп кайрылып жатты», — деди ал.

Ошондой эле жактоочу Кара-Суу РИИБдин Мады милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү да аялга «сен» деп кайрылганын белгиледи. Анын айтымында, тергөөчү аялды жана шектүү кишини бир бөлмөгө отургузуп, аялды басынтып, урушуп, сөгүшүнө жол берген.

Мындан сырткары Абдураупова Кара-Суу РИИБи жана прокуратура ишти тез арада сотко өткөрүп койгонуна таң калды. Ал «көбүнчө мындай иштер созулуп, аялдар милицияга келүүдөн тажап ишти кыскартышат болчу» дейт.

«Алар айыпталуучу Дубайга тезирээк кетүүсү үчүн ушунчалык аракет кылып жатышат, бизге анын “билеттери 2 жолу күйүп кетти” деп айтышты. Иш менен тааныштырышкан жок, тергөөчү али айыптоо корутундусу даярдала элек, номерленбеген протоколго кол коюп беришибизди каалады», — деди ал.

Милиция эмне дейт?

Ош ОИИБден жактоочунун айтканын четке кагышууда. Милициядан «Клоопко» аялга психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындоо тууралуу расмий кайрылуу болбогонун айтышты.

Ошондой эле экспертизанын дайындалбаганына «жабырлануучу психологиялык жактан жабыркагандыгы боюнча каттоодо жок болгону» себеп болгонун белгилешти.

Мындан сырткары алар, кызматкерлер орой мамиле жасабаганын айтышып, тескерисинче жабырлануучунун өзүн «тергөөгө келбей жүргөн» деп айыпташты.

«Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы жана райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү учурунда орой мамиле кылынгандыгы далилденген эмес», — деп билдиришти милициядан.

Зомбулукка кабылган аялдын иши

22-августта жактоочу Абдураупова Араван РИИБи зомбулукка кабылган аялдын арызын кабыл албай койгонун айтып чыккан.

Анын айтымында, Аравандын тургуну бир жылдан бери күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылып келет. Бирок киши ажырашууга жол бербей, аны өзү менен жашоого мажбурлайт.

Жактоочу 2021-жылдын март айында видео байкоочу камерага түшүп калган тасманы жарыялаган. Анда эркек киши аялдын үйүнө короонун тосмосунан ашып кирип, жаш баласынын көзүнчө жабырлануучуга кол салып, анын телефонун талкалап салганын көрүүгө болот.

Андан бери зомбулук токтогон эмес – үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда киши аялдын жумуш ордуна барып, башкалардын көз алдында ага зомбулук көрсөткөн.

Ал эми 21-июлда киши аялды муунтуп, тепкилеп, сабап, экинчи телефонун да сындырып, «ажырашпайсың» деп үйүнө мажбурлап алып келген.

Абдураупова аял милицияга кайрылганда, алар фактыны «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттап, бирок сабоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл албай коюшканын айткан.

Жактоочу бул тууралуу соцтармакка жазып чыккандан кийин, 23-августта гана Араван РИИБи аялды милицияга чакырып арыз алган.

Ал эми милициядан Абдураупованын айткандарын четке кагышкан. Алар «аял 16-август күнү Араван РИИБге кайрылып, бирок кайрадан келүүнү убадалап кетип калган» деп билдиришкен.

Ал эми аялдын июлда жазган арызы боюнча «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Кара-Суу РИИБке өткөрүлүп берилгенин айтышкан. ОИИБден иш соттук кароо алдында турганын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы