Улуттук банк соода-тейлөө ишканаларына QR-кодун колдонуу менен төлөм жүргүзүүнү тапшырды

Улуттук банк коммерциялык банктарды, мобилдик тиркемелери бар төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдары жана алардын агенттерин кардарлары үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү милдеттендирди. Бул тууралуу 29-августта башкы банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошентип, 24-августта Улуттук банк өз токтому менен «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизди. Аталган чечимге ылайык, банктар жана төлөм системасынын операторлору 2022-жылдын 31-декабрына чейин QR-код аркылуу төлөмдөрдү киргизүүгө милдеттүү.

Улуттук банктан мындай чечим QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында кабыл алынганын белгилешти.