Сүрөтчү Татьяна Зеленская Эгемендүүлүк күнүнө арнап иллюстрация жаратты

Сүрөтчү Татьяна Зеленская Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата иллюстрация тартты. Иллюстрацияны ал Фейсбуктагы барагына жарыялады.

Чыгармада өлкөнүн туусу, ал эми жанында — улуттук кийимчен секелек кыз тартылган. Артында Кыргызстандын тоолору түшүрүлгөн.

31-августта Чуңкурчак жайлоосунда өлкөнүн Эгемендик күнү жана Канай уулу Байтиктин (Байтик баатырдын) 200 жылдыгы белгиленди. Жайлоодо президент Садыр Жапаров 31 метр туу орнотту.

Татьяна Зеленская Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдө болуп жаткан маанилүү темаларга тарткан сүрөттөрү жана иллюстрациялары менен белгилүү.

Сүрөтчү акыркы жолу украиналыктарды колдогон муралдын санарип версиясын чыгарган.