Бишкек шаардык соту блогер Жекшеналиевди 14-октябрга чейин камакта калтырды

Бишкек шаардык соту фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору жана блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал 14-октябрга чейин камакта болот. Блогер Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видеосун жарыялагандан кийин кармалган.

Маалыматка ылайык, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Отурумунда Жекшеналиев бул иште кылмыштын курамы жок экенин айтып, судьядан бошотууну суранды.

«Менин ишимде кылмыштын курамы жок. Мен окууга барайынчы. Мен видеонун эски экенин билген эмесмин. Анткени алар мага жөнөткөн видеонун шилтемеси жаңы болуп, бир нече саат мурун чыккан болчу. Видео монтаждалган эмес болчу. Апам жалгыз жашайт, алдыда кыш келе жатат. Ал баарын өзү көтөрө албайт да. Мен эч кимге тоскоолдук кылбай, тынч окуйм», — деп Жекшеналиевдин сөзүн «Апрель» басылмасы жазды.

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жекшеналиевди эки айга ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.

Жекшеналиевдин кармалышы

Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

ИИМден билдиришкендей, соңку учурда аймакта Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында ар кандай талаш-тартыштар жаралып, «белгилүү бир адамдар кенди иштетүүгө каршы чыгууга үндөп, соцтүйүндөрдө ар түрдүү маалыматтарды активдүү таратып жатат».

«“Полит Узник” баракчасына чыккан айрым маалыматтар кооптондурат, анткени айрым активисттер менен атайын адамдар карама-каршылыкты жараткан, такталбаган маалыматтарды таратып, жер-жерлерде кырдаалды курчутуп, коомдук пикирди бурмалоо кызыкчылыктары бар экени байкалууда», — деп билдиришкен анда ИИМден.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жекшеналиев кармалгандан кийин ага саясий мүнөздө кылмыш иши козголгонун жазган.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров фейсбуктагы барагы аркылуу Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетүү тууралуу маалымат боюнча кайрылуу жасаган.

Жапаров «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетүү боюнча чечим кабыл алына элек экенин, бирок геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, кендин корун тактап коюуга гана буйрук берилгенин кошумчалаган.

Тема боюнча:

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиевдин бөлмөсү тинтүүгө алынганы айтылды

Сот активист Ырыс Жекшеналиевди ТИЗО-1ге эки айга камакка алды

Башкы сүрөттүн автору: Эрлан Бекчороев