Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы жана башкалар. Ошондой эле имаратта радиология, реанимация, проктология, токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрү, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок жайгашат.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынан каржыланат. Оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтүшү керек.

Сөз сүйлөп жатып президент «мамлекеттик саясат жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын» белгиледи.