Президент Улуттук банктын төрагасынын орун басарын алмаштырды — себеби белгисиз

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңишти ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу «Клоопко» башкы банктын басма сөз кызматынан билдиришип, мамлекет башчысы жарлыкка 30-августта кол койгонун кошумчалашты.

Бирок ал жактан Жеңиш эмне себептен бошотулганын айтышкан жок — ал 2014-жылдын августунан бери Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Нурбек Жеңиш

Жеңиштин ордуна төраганын орун басары болуп Кайып Куленбеков дайындалды. Буга чейин ал Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Кайып Куленбеков. Сүрөт: AKIpress.

Тема боюнча:

«Кыргызалтын» ишканасынын башкармалыгы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти