Ташиев Эл баатыры наамы күтүүсүз болгонун айтып, президентке ыраазычылык билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамы ыйгарылгандан кийинки биринчи сезимдери менен бөлүштү.

«Негизинен бүгүнкү сыйлык мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Мен мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап, бергендигине. Ал эми биздин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бүгүнкү аткарып жаткан жумуштары, жана келечекте аткара турган жумуштарынын эң негизги багыты – мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер өзүнүн жумуштарын так аткарып жатат жана мындан ары да аткарат деген ишеничтүү айтып кетем», – деди Ташиев.

2021-жылдын мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун бир нече тургуну Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгаруу боюнча кол топтой башташкан.

«Мен азыр бул наамга ылайыктуу эмесмин, дагы иштешим керек. Алдыда көп иштер бар. Азыр наам берип койсоңор ал иштерди кылбай коюшум мүмкүн», – деген анда Ташиев.

Бирок август айында Ташиевге таандык «Регион ТВ» телеканалы УКМКнын төрагасына аталган наамды ыйгаруу үчүн бир топ аргументтер менен фильм жарыялашкан. Фильм жадагалса Улуттук телеберүү корпорациясынан да көрсөтүлгөн.

Баатыр – Ташиев

1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге эң жогорку даражадагы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылган. Анын жакын үзөңгүлөшү, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта Ташиевге наам «мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн» берилгенин айтылган.

2-сентябрда Кыргызтандын Баатыры наамы ыйгарылган кишилер алуучу «Ак Шумкар» атайын төш белгисин Ташиевге президент Садыр Жапаров жеке өзү тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде ал Ташиев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын кайсыл эмгектери үчүн алганын айтты.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге «Ак Шумкар» атайын төш бергисин тапшырып жаткан учур. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, «эгемендүүлүк жылдарында өлкөдө кыргызстандыктардын бүтүндүгүнө коркунуч жараткан көптөгөн окуялар болгон».

«Кээ бир өзүн “баатыр” сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки “эл уулу” атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт», – деген Жапаров.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров кайсыл окуялар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.