Кыргызстандын волейбол курама командасы Азиянын чакырык кубогун багындырды

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын чакырык кубогун утуп алды. 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн финалдык беттеште алар Сауд Арабиянын курамасын 3:2 эсебинде жеңишти.

Кыргыз волейболчулары Сауд Арабиянын командасы менен ойноп, беттештин алгачкы эки партиясында атаандаштары алдыда келе жаткан.

Андан кийинки үч партияда кыргызстандык волейболчулар катары менен утуп, акыркы эсепте Сауд Арабиянын командасын жеңип, Азиянын чакырык кубогун багындырышты.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогу 29-августта башталып, 3-сентябрда аяктады. Ага Кыргызстан, Сауд Арабия, Өзбекстан жана Монголиянын курама командалары катышты.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Бишкекте өткөн Борбор Азиянын чакырык кубогунда биринчи орунду алган. Финалдык беттеште кыргыз курамасы Түркмөнстандын волейболчуларын 3:2 эсебинде уткан.

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы буга чейин да Борбор Азия жана Азияда өткөн турнирлерге катышып, 2019-жылы Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.