Орусияда апасы сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга алып келинери айтылды

Орусиянын Екатеринбург шаарында апасы карыздарынан улам 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга алып келинери айтылды. Бул тууралуу баланын өгөй атасына таянып, «Комсомольская правда — Екатеринбург» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бала азыркы учурда балдар үйүндө тарбияланууда. Орусияда жакын туугандары жок болгондуктан, аны камкордукка алуу маселеси Кыргызстанда чечилет.

Ал эми өгөй атасы баланы чоң энесиникине жөнөтөөрүн айткан.

«Эгер ал баш тартса, анда мен өзүмө алам. Жакында ага жолугууга уруксат беришет», — деген ал.

Ушул жылдын 10-августунда Екатеринбург шаарында өз уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалган.

ТИМ кармалган аял Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган.

Алардын маалыматына ылайык, учурда кыргызстандык аялга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге өткөрүлүп берилген.

Ал эми сот шектүүнү 8-октябрга чейин ТИЗОго камакка алуу чечимин чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Екатеринбург: Уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалды