Активист Адилет Балтабайдын иши сотко өттү

Активист Адилет Балтабайга козголгон кылмыш иши Бишкектин биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу 24.kg басылмасына анын жактоочусу Агзам Дүйшөналиев маалымдады.

Адвокаттын айтымында, милиция кылмыш ишин тергеп бүткөн. Кийинки сот отурумунда күбөлөр суралат.

Балтабаев 30-июнда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери Балтабаевди буга чейин апрелде дагы кармашкан. Бирок кайсы иштин алкагында экени айтылган эмес. Журналист ошол эле күнү чакырганда келип турууга милдеттенме алып бошотулган.

Экинчи жолу милиция Балтабаевди көзөмөл-кассалык аппарат орнотууга каршы нааразычылык акциясында түз эфир берип жатканда 30-май күнү кармашкан. Анда ал Биринчи май РИИБнин тергөө кызматына жеткирилген.

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков «Клоопко» Адилет Балтабаев акыркы эки айдан бери кабарчы болуп иштеп жүргөнүн билдирген.

«Ал бийликти басып алууга чакырык жасаган делип айыпталууда. Учурда ал күбө катары сурак берип жатат. УКМКнын көрсөтмөсү деп жатышат. Түшкү тамактан кийин кайрадан Биринчи Май РИИБне суракка кирет», — деген ал.

Жээнбеков сурактарга Балтабаевдин Фейсбуктагы посттору дагы себеп болгонун айткан.

Адилет Балтабаев активист катары соцтүйүндөгү постторунда сөз эркиндигине болгон басым, Жер үй алтын кени жөнүндө, Кыргызстандагы ККМге жана кумарканаларага, президенттик резиденциянын курулушуна каршы постторду жарыялаган. Ошондой эле, Балтабаев журналист Болот Темировду колдоп келген.