Чүй облусу: Айланма жолдо авариядан 5 киши, алардын арасында 5 жашар наристе каза тапт

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда авариядан 5 киши, анын ичинде 5 жашар наристе каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБнен кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 3-сентябрда катталган. ГЭС-5ке жакын айлампа жолдо BMW унаасы каршы тилкеге чыгып, Mazda Demio жана Mercedes-Benz менен кагышкан.

Басма сөз кызматтан жабыркаган үч адам ооруканага жеткирилгенин, алардын бири — 3 жаштагы бала — абалы оор болуп атканын билдиришти.

Жол-транспорт кырсыктары

Кыргызстанда жыл сайын жол-транспорт кырсыктары көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 7 437 транспорт кырсыгы катталган, бул 2020-жылдагыга салыштырмалуу 22,9%га көп. Анда жол-транспорт кырсыктарынан 800дөн ашык адам каза тапкан.

CABAR.asia аналитикалык порталынын журналисттери акыркы 10 жылда аварияларда 10 миңден ашык киши каза тапканын эсептеп чыгышкан.

«Жол кырсыктарынын 95%ы адамдык фактор себеп, башкача айтканда, айдоочулар эреже бузушат же жол кыймылынын эрежелерин билишпейт. Андан тышкары, алардын көпчүлүгү жолдо жүрүү маданиятын сакташпайт», — деген ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов 2021-жылдын сентрябрында.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февралында ИИМге жол-транспорт кырсыктарынын санын 50%га азайтуу тапшырмасын берген.