Москвада таксист теги кыргызстандык курьерди коюп кетти. Ал жеринен каза тапты

3-сентябрда Москвада такси айдоочусу курьерди коюп кетип, натыйжада курьер жеринен каза тапты. Маалыматты Москванын прокуратурасы тастыктады.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, каза тапкан киши 34 жашта болгон.

«Таксинин айдоочусу жолдун кесилишинде жол чырактын өтүүгө тыюу салган жарыгы күйгөнүнө карабай, монодөңгөлөк менен өтүп бараткан адамды коюп кеткен», — деп билдиришти Москва прокуратурасынан.

Окуядан кийин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза тапкан курьер мурда орус жарандыгын алган кыргызстандык экенин билдирген «Азаттыкка».

Элчиликтен курьерди коюп кеткен таксист дагы кыргызстандык экенин кошумчалашты. Элчиликтен белгилешкендей, ал укук коргоо органдарына өткөрүп берилген. Ал эми маркумдун сөөгү 5-сентябрда Кыргызстанга жөнөтүлгөн.