Садыр Жапаровго сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти жеке көзөмөлгө алуу өтүнүчү айтылды

«Сезим» кризистик борбору президент Садыр Жапаровдон уюмдун өндүрүшүндөгү сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти жеке көзөмөлүнө алуусун суранды. Буга байланыштуу борбор Фейсбук барагында кайрылуу жолдоду.

«Кадамжайдагы өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулуктан курман болушуна карата пикириӊизди социалдык тармактардан окудук. Бул кылмыш ишин жеке көзөмөлүӊүзгө ала турганыӊызды билдик. Ушуга байланыштуу борбордун өзүнүн өндүрүшүндөгү сексуалдык кылмыштар боюнча 18 ишти да жеке көзөмөлүӊүзгө алууӊузду өтүнөбүз. Бул кылмыш иштериндеги тагдырлар да кадамжайлык өспүрүм кыздыкындай эле трагедиялуу», — деп айтылат борбордун кайрылуусунда.

Борбордун маалыматына ылайык, сексуалдык кылмышка байланышкан 18 иштин 9у өспүрүмдөргө карата жасалган, ал эми жабыркагандардын жаш курактары — 5 жаштан 78 жашка чейин.

Ошондой эле уюмдагылар «аталган кылмыштар боюнча укук коргоо процесстери асты 10, арты 2 жылдан бери созулуп, соттон сотко өткөрүлүп, кылмышкерлер өз жазасын албай келе жатканын» белгилешти.

«Жазасыз кылмыш дагы кайталана турганы белгилүү. Ошондуктан ар бир иш боюнча адилет жаза берилиши зарыл. Аялдарды басмырлоого каршы жана зомбулукту жоюу боюнча эл аралык келишимдерге кол койгон өлкө катары Кыргызстандын дүйнө коомчулугунун алдында да, өз элибиздин алдында да кадырын кетирип жаткан бул олуттуу меселеге чечкиндүү чаралар көрүлөт деген үмүттөбүз», — деп айтылат «Сезимдин» кайрылуусунда.

Кризистик борбор президентке Садыр Жапаров киши колдуу болгон 14 жаштагы кадамжайлык кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алган шартта кайрылды. Кыздын сөөгү Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден табылган.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип Кадамжайдын 1995, 1997 жана 1998-жылкы үч тургуну кармалган. Алар убактылуу кармочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.