Аялын өлтүргөн гаишниктин иши: Үч адам жардам көрсөтпөй коюуга шектелип жатат

Талас шаардык прокуратурасы ЖКККББнын үч кызматкерине жана алардын биринин аялына алар «Жардам көрсөтпөй коюу» беренеси менен шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме тапшырды. Кеп 30 жаштагы аялынын өлүмүнө байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп табылган ЖККББнын кенже инспекторунун кесиптештери тууралуу болууда.

Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоеванын айтымында, тергөөнү Талас шаардык милициясы жүргүзүп жатат.

30 жаштагы аял 2021-жылдын 29-декабрында киши колдуу болгон. Буга маркумдун күйөөсү шектелип кармалган. Ал аялын өлгүчө сабап салганы кабарланган.

Быйыл август айында ЖМКда каза болгон аялдын туугандарынын кайрылуусу чыккан. Алар сот созулуп кеткенине, шектүү жазага тартылбай жатканына нааразы болушкан.

«Сегиз ай өттү. Биз баарына, прокуратурага чейин бардык. Видеосу турат, эмнеге аны [шектүүнү] камабай жатышат? Бардык далилдер турат го?!» — деп нааразы болушкан маркумдун жакындары.

Ал эми Талас облустук соту иш сотко 2022-жылдын 18-майында гана келип түшкөнүн деп түшүндүргөн.

30-августта сот жол күзөт кызматкерин аялын өлтүргөн деп күнөөлүү таап, 12,5 жылга эркинен ажыраткан.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

«Клооптун» анализи Кыргызстанда аялдар — орточо он учурдун сегизинде — эркектердин колунан ажал табарын көрсөткөн. Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылган учурда төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы