Ташиев: Өлкөдө УКМКнын 50гө жакын имараты курулду

Өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты салынды. Бул тууралуу ведомствонун башчысы Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде айтты.

«Белгилүү болгондой ушуга чейин мамлекеттик комитет [УКМК] каралбай калган. Кызматкерлер жер-жерлерде бирөөнүн үйлөрүндө, имараттардын чекелеринде, бурчунда же бир башка китепканаларда [имаратында] кызмат кылып калышкан. УКМКга бир дагы имарат курулган эмес. Былтыртан бери гана ушул жумушту колго алып, бүгүнкү күндө 50гө жакын УКМКнын имараты курулду», — деди Ташиев.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын 12 гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземдерине Ташиев өзү да, президент Садыр Жапаров дагы катышып келет.

Алсак, Жапаров 24-августта УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырган. Чекисттер үчүн көп кабаттуу жаңы үйлөр Бишкек шаарында салынган.

Анда президенттин басма сөз кызматы жаңы турак жай 306 үй-бүлөөгө ылайыкталганын билдирген. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

Материалдын автору: Зулайка Эркимбаева