Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелгендер Оштун ТИЗО-5не киргизилди. Бул тууралуу 24.kg маалыматтык агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып жазды.

Башкы көзөмөл органы Кадамжай райондук сотунун чечими менен үч шектүү тең эки айга камакка алынганын билдирди.

«Кылмыш иши башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүндө. Айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин белгилеп өтөйүн», — деп кошумчалады Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов.

Кадамжайда 14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Тергөө уланууда.

Бул кылмыш иш президент Садыр Жапаровдун да көзөмөлүндө турат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык сүрөт.