Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди сот залынан суракка алып кетишти

ИИМдин кызматкерлери экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди Биринчи май райондук сотунан активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча суракка алып кетишти. Бул тууралуу КСДП партиясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Кундуз Жолдубаева айтып чыкты.

Анын айтымында, Мискенбаев Кой-Таш окуялары боюнча сот отурумуна катышышы керек болчу. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны сот залынан алып кетишкен.

Маалыматты «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты. Мекемеден Мискенбаев суракка күбө катары чакырылганын белгилешти, бирок кайсыл иш боюнча экени айтылган жок.

Жекшеналиевдин кармалышы

Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Депутат Дастан Бекешев активисттин постторунда бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык башаламандыкка чакыра турган эч нерсе таппаганын билдирген.

Эл өкүлү Жекшеналиев коомго жана бийликке коркунуч алып келбейт жана аны үйгө бошотуу керек деп эсептейт. Бекешевдин пикиринде, блогерге карата козголгон кылмыш иши сотто «чачыранды болуп кетет».

Тема боюнча окуңуз: Бир кадр менен: Активист Жекшеналиевдин апасы уулун алып бараткан унаанын жолун тосту

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиевдин бөлмөсү тинтүүгө алынганы айтылды