УБ банк карталарын ата-энелердин уруксатысыз эле 16 жаштан тартып бере баштоону сунуштады

Улуттук банк кыргызстандыктарга 16 жаштан тарта эле банктык карталарды берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Башкы банктын басма сөз кызматы билдирди.

КРУБдун маалыматына ылайык, бул кадам накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн керек. Улуттук банктан «Клооптун» журналистине банктык карталар 16 жашка толуп, карта алууну каалап кайрылган бардык кыргызстандыктарга берилерин айтышты.

«Жалпы жарандык паспорт алуу үчүн арыз менен кайрылганда карта алуу үчүн да арыз жазса болот», — деп белгилешти Башкы банктан.

Улуттук банктан эгер банктар эсеп ачуудан баш тартышса, карта берилбейт деп кошумчалашты. Башкы банктын маалыматына ылайык, эгер кардар тиешелүү документтерди толук алып келбесе же документтер туура эмес болсо банктык эсеп ачуудан баш тартылышы мүмкүн.

Башкы банктан 16 жашка толгон жаран карта алышы үчүн ата-энесинин уруксаты керектелбей турганын, паспорту болушу жетиштүү экенин кошумчалашты.