Журналист Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан убактылуу токтотулду

Киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш кайрадан убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Клоопко» 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, кылмыш иши «айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу» токтотулган.

Алишер Саиповдун өлүмү боюнча мурда дагы токтотулган. Бул иш 2013-жылы дагы бүгүнкүдөй эле себеп менен убактылуу токтотулган. Тергөө иши кайрадан 2019-жылы гана жанданган.

Журналистке байланыштуу иш убактылуу токтотулганына «Репортеры без границ» эл аралык уюму реакция кылды. Алар бийликти ишти терең жана ачык-айкын тергөөгө чакырышты. Уюм иштин токтотулушун «журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калуунун символу» деп белгилешти.

Саиповдун өлүмү

Журналист Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында өлтүрүлгөн. Кечке жуук жумуштан үйүнө кайткан убакта белгисиз адам эки жолу башына жана бир жолу оң бутуна тапанча менен аткан. Саипов 26 жашында өлтүрүлүп, артында жубайы жана кызы калды.

2009-жылы журналистти өлтүрүүгө шектелип Баткен облусундагы Лейлек районунун тургуну Абдулфарид Расулов кармалган. Анын унаасынан Саипов атылган маркадагы тапанча табылган. Эки жылдан соң Жогорку сот тарабынан Расулов камактан чыгарылган. Анын туугандары сотко кылымыш жасалган күнү туугандары менен бирге тойдо болгондугу тууралуу видеокассета тапшырышкан.

Саиповдун туугандары журналист саясий жагдайдан улам өлтүрүлгөн деп билдиришкен. Алар өлүмгө Өзбекстандын жашыруун кызматынын тиешеси бар деген ишенимин чындыкка жакын экенин белгилеп келишет.

Алишер тууралуу апасы жазып келе жаткан күндөлүк. Сүрөт: Фото: Бексултан Абубакир уулу / RFE/RL.

Саипов бир нече эл аралык ЖМКларда кабарчы болуп эмгектенген: «Азаттык» жана «Голос Америки» үналгыларынын өзбек кызматтарында иштеген жана «Фергана.ру» маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү болгон.

Кийинчерээк Саипов «Саясат» аталыштагы өзбек тилинде жарык көргөн гезит негиздеген. Ал бир гана Кыргызстанда эмес, Өзбекстандын чек арага чектеш аймактарында да өз окурмандарын тапкан.