Өлкөдө педофилдерди хирургиялык кастрация кылуу сунушталды

Парламент депутаты Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык кастрация жолу менен жазалоону шарттаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. 8-сентябрда документ коомдук талкууга чыгарылды.

Хирургиялык кастрация — хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелерде (же) саламаттык сактоо органдарында өткөрүлөрү белгиленет.

Бакасов сотто төмөнкү беренелер менен күнөөлүү деп табылгандарды кастрациялоону сунуштады: «Зордуктоо» (154-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пунктттары), «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» (155-берененин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттары), «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» (156-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү) жана «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» (157-берене).

Соттолгондорго экспертизалык комиссия күнөөлүүнүн ден соолугуна же психологиялык абалына зыян тийбестиги тууралуу корутунду чыгарып бергенден кийин гана кастрация дайындалат.

Ошондой эле Бакасов Кылмыш-жаза , Жазык-процессуалдык жана Жаза аткаруу кодекстерине дагы бир нече өзгөртүүлөрдү сунуштады:

  • он төрт жашка чыга элек балага карата жасалган зордуктоо үчүн жазаны жыйырма жылга чейин узартуу — азыр бул берене менен он беш жылдык эркинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү каралган;
  • сексуалдык артыкчылык бузулуусунан (педофилия) жапа чеккен адамдын ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуудан баш тарткандыгы үчүн эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны белгилөө;
  • соттолгон адам абак мөөнөтү бүтөөрүнө жарым жыл калганда сексуалдык артычылык бузуулуусу (педофилия) жоктугу тууралуу врач-психиатрлардын кароосунан өтүшү керек болгон ченемди киргизүү.

Бул эмне үчүн керек?

Мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде расмий статистика чындыкты толук чагылдырбай турганы, ал эми Кыргызстанда мындай кылмыштардын саны «кыйла көптүгү» белгиленет. Бакасов бул «мындай кылмышкерлерге карата кескин чараларды жана жазаны күчөтүүнү талап кылат» деп эсептейт.

«Албетте, педофилдер өлүм жазасына татыктуу, бирок өлкөдө өлүм жазасына Конституцияда тыюу салынган. Ушуга байланыштуу Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү [...] жана бир катар эл аралык макулдашуулардан чыгуу талап кылынат», — деп айтылат документте.

Бакасовдун пикиринде, балдарга карата зомбулук боюнча учурдагы абалды жакшыртуу үчүн химикалык кастрацияга караганда хирургиялык кастрация алда канча ылайыктуу, себеби ал гумандуу эсептелет. Химиялык кастрацияда педофилдерге инъекция жасалып, антиандрогендер куюлат, ал сексуалдык кызыгууну басып, тестостерондун жолун бууйт.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, химиялык кастрация педофилдерге каршы күрөшүүдө эң жакшы тандоо эмес – дары-дармектер ар дайым эле иштей бербейт, ал эми кылмышкер өзү эле алдап кетиши мүмкүн», — деп белгиленет маалымкат негиздемеде.

Бакасов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса ал «жаш балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине багытталган кайталанган кылмыштардын жасоо статистикасына олуттуу таасир этет» деп ишенет.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июль айынын аягында ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны өскөнүн билдирген.

Балдарга карата зомбулук Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жашар кыз киши болгондон кийин кызуу талкуулана баштады. Башкы прокуратура кыз зордукталганын дагы билдирген.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

14 жашар секелектин окуясына байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы реакция кылып, бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Ал кыргыз эли «байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган» деп белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы иш жеке көзөмөлүнө алынганын билдирип, укук коргоо орган кызматкерлери бул ишти адилет тергеп берет деп убада кылган.

Бул окуяны учурлай парламенттин бир нече депутаты педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.