Бишкек: Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери кызды зордуктоого шектелүүдө

Бишкек шаарындагы Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты Биринчи май РИИБдин маалыматтык журналына катталды.

«Чогултулган материалдар тергөөгө чейинки териштирүү үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп белгилешти милициядан.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидиновдун айтымында, окуя 5-сентябрда таңга маал болгон.

«Жабырлануучунун айтымында, аны эки белгисиз адам зордуктаган. Шектүүлөр суракка алынды», — деди ал.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эксперттер буга укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу себептигин белгилешкен.

Эгер сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.