Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700 сомдон 3400 сомго чейин көбөйөт

Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 90 миллион сом бөлүнөт. Ага ылайык, пенсионерлер алып жаткан акчанын үстүнө 1700 сомдон 3400 сомго чейин кошулат.

Бирок президент пенсия үчүн кошулган акча аябай деле көп эмес экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 миллиард сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 миллиард сом бөлөбүз. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат», — деди ал.

Пенсиянын өлчөмү өткөн жылдын 1-октябрында дагы көтөрүлгөн. Анда 4 785 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сом, ал эми 4 785 сомдон жогору пенсия алгандарга 500 сом кошулган. Пенсияны көбөйтүү үчүн республикалык бюджеттен 154 миллион 300 миң сом бөлүнгөн.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 714 миң 589 пенсионер каттоого алынган.

Статиткалык комитет 2021-жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 19 миң 586 сомду түзөрүн, ал эми пенсиянын орточо суммасы 6 248 сом экенин билдирген.

Тема боюнча:

1-октябрдан баштап пенсия көбөйүшү мүмкүн