«Жеңишти элиме арнайм». Акжол Махмудов беттештен кийин интервью берди

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сербияда өткөн дүйнө чемпионатындагы жеңишинен кийин журналисттерге интервью берди. Видео дене тарбия жана спорт департаментинин Фейсбук барагына жарыяланды.

Махмудов жеңишин жалпы Кыргызстандын элине арнай турганын билдирди.

«Элиме эң алгачкы алтын медалды утуп берүү мүмкүнчүлүгү болгонуна абдан кубанычтамын. Бул жеңишти элиме, бүткүл Кыргызстанга, машыктуруучуларыма арнайм. Учурда үй-бүлөм мени колдоп жатканын билем. Үй-бүлөмө ыраазычылык, анткени алар мага бардык жактан колдоо көрсөтүп келет. Машыктыруучуларыма жана досторума рахмат. Алар жок, колдоо жок мындай ийгиликтерге жетүү абдан оор», — деди ал.

Спортчу күрөш боюнча кыргыз мектебинин бийик деңгээлин көрсөткүсү келгенин, реванш алуу менен көрсөтө алганын белгиледи.

«Бул биздин жалпы жеңишибиз, андыктан бардыгыбыз биригип майрамдашыбыз керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Дүйнө чемпионаты Сербияда өттү.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 кг чейинки салмак категориясында чыкты. Ал венгриялык спортчу Золтан Леваини 8:0 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов — чоңдор арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында бир жолку чемпиону. Ал эми кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ошондой эле ал, кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште чемпион титулун алган.

Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.

2022-жылдын февралында Болгарияда өткөн Dan Kolov – Nikola Petrov мелдешинде үчүнчү орунду ээлеген. Ал эми апрелде Монголияда өткөн Азия чемпионатында алтын байгени багындырган. Августта Ислам шериктештик оюндарында Кыргызстандын курамасына кайрадан алтын медаль алып келген.