«889 млн сом зыян». Энергетика министрлигиндеги текшерүүдөн кийин 32 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Энергетика министрлигиндеги жана анын түзүмдүк уюмдарындагы текшерүүдө мыйзамдар, президенттин жарлыктарынын жана Коопсуздук кеңештин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталганын билдирди.

Текшерүүнүн натыйжасында башкы көзөмөл орган Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын белгилери боюнча 32 кылмыш ишин козгоду. Тийгизилген зыяндын суммасы 889 млн сомду түзөт.

Башкы прокурадан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөнүн кошумчалашты.

Министрге козголгон кылмыш иштери

Башкы прокуратура Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогону тууралуу 13-сентябрда белгилүү болгон.

Анда көзөмөл органдын басма сөз кызматы «Клоопко» Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта «компетенциясы жок кызматкерлерди» мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Орусияга кызматтык иш сапарларга жөнөткөнүн, натыйжада мамлекетке 1 млн сом зыян тийгенин билдирген.

Мындан тышкары Башкы прокуратурадан Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодон өткөрүүдө жеке компанияга зыян келтирген деп шектелип жатканы айтылган. Келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сомду түзгөн.Бекмурзаев өзү кылмыш иштери «атын каралоо» үчүн козголгон деп эсептейт.

Кийин президент Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевди тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетүүнү чечкен.