Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча суракка чакыртылды. Бул тууралуу «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Милициядан Фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришти.
Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча Руслан Бекназаров суракка алып келинди.
Министрликтен Бекназаровдун уулу бул иште күбө катары чакыртылганбы же шектүү катары өтүп жатабы айтышкан жок.
Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.
Айрым маалыматтарга ылайык, Руслан Бекназаров мурда Акыйкатчы институтунда, уттук коопсуздук органдарында иштеген, ошондой эле Кара-Суу айыл өкмөтүн жетектеген.
Азимбек Бекназаров деген ким?
Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.
2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.
Ал эми Беканазаров элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон. Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.
Буга чейин 3-августта Бекназаров жергиликтүү медианын бирине маек куруп, Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыккан. Ал Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө коё албаганын, экологиялык доодон баш тартканын «утулуу» катары сыпаттаган.
«Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизинде, эл аралык сотто башкача чечкенге толук мүмкүнчүлүк Кыргызстанда бар болчу! Андай жол менен чечүү үчүн биз: "Кумтөр" алтын кениндеги чет элдик компаниялар, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келген "коррупциялык келишим" менен иштеп келгенин, анын кесепетинен Кыргызстанга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык, экологиялык жана моралдык зыян келтирилгенин, алар кимдер тарабынан кантип келтирилгенин айныксыз далилдер менен (алар комиссиялар тарабынан далилденген) тастыктап, күнөөлүүлөрдү өзүбүздүн сот аркылуу жазалап, анан эл аралык сотко барыш керек болчу!» — деген ал.
Көп өтпөй Бекназаров «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.