Азимбек Бекназаров президент аны Кумтөр маселесине байланыштуу иштен алганын билдирди

Маалымат 15:20да жаңыланды.

Азимбек Бекназаров. Сүрөт: AKИpress

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, Кумтөр маселесине байланыштуу иштен алынганын айтты.

«Кумтөр маселеси жөн эле алтын эмес. А бирок биз ошону жеңилдетип эле, эч кандай экологиялык зыян жок экен, “Коррупция жок экен, Акаев апакай экен” деп бүтүрүп койдук. Анда эмне үчүн иш козгодук? Эмне үчүн Акаевдин кол тийбестиги алынды? Танаев, байкуш, эмнеге качып жүрүп өлдү? Анан биз жеңил-желпи эле, Кумтөрдү ушинтип бүтүрүп койгонубуз туура эмес», — деди ал.

Бекназаров кызматтан кетишине бийликке тынымсыз сунуш берип, «жанын койбой сураганы» дагы себеп болду деп эсептейт. Анын айтымында, ал бийликке ар түрдүү сунуш менен жалпы 20 кат жөнөткөн. Бирок бийлик «бир да жолу тапшырма бере алган эмес».

«Иштей албай койгон жокмун. Борборду “Иштебейсиңерби, элчилерди жөн эле кармап жүрө бересиңерби? Бизге конкреттүү инвестициялык долбоор бербейсиңерби, сурабайсыңарбы. Мени иштетпейсиңерби” дегеним үчүн кыматтан кеттим», — деп белгиледи ал.

Бекназаров президенттин кызматтан алууга укугу бар экенин белгилеп, бирок Эмгек кодексинин жана дипломатиялык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын негизинде гана алышы керек деп билдирди.

«Эгер кимдир бирөөнү кызматтан алам десе, биринчи анын маселеси көтөрүлөт, эскертүү, сөгүш берилет. Таптакыр болбой кетсе кызматтан алат. Эки жарым жылдын ичинде мен андай сөгүш алган эмесмин же ишим начар деген эч жерде каралган эмес», — деди ал.

Ошондой эле, саясатчы кызматтан кеткени тууралуу маалыматты 4-августта ЖМКдан окуганын белгиледи. Ал эми Тышкы иштер министрлиги ага буйрукту 8-августта гана жөнөткөнүн кошумчалады.

Маалымат жыйыны учурунда Бекназаров элчинин милдеттери тууралуу түшүндүрүп, эки жарым жыл аралыгында эмне иштерди кылганын санап өттү. Ошондой эле ал бийликке берген сунуштарынын жана жөнөткөн каттарын көрсөтүп берди.

Бекназаровдун иштен алынышы

5-августта Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулган. Президенттин буйругунда ал коюлган тышкы саясий милдеттерди аткара албаганы айтылган.

Кызматтан алуу чечими Бекназаров Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыгуусунун шартында кабыл алынган.

Бекназаров жергиликтүү медианын бирине маек куруп, Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө коё албаганын, экологиялык доодон баш тартканын «утулуу» катары сыпаттаган.

Бекназаров май айынын башында президент Садыр Жапаровдун Ширшов тууралуу айткандарын да төгүнгө чыгарган. Энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелген Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши коомчулукта кызуу талкуу жаратканда, Жапаров убактылуу өкмөт Ширшовго бир да кылмыш ишин козгобогонун белгилеп, аны ошол үчүн кабыл алууну чечкенин айткан.

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

Тема боюнча:

Президент Малайзиядагы элчи Бекназаровду кызматтан бошотту. Ал Кумтөр боюнча келишимди сындаган