Президент Малайзиядагы элчи Бекназаровду кызматтан бошотту. Ал Кумтөр боюнча келишимди сындаган

Азимбек Бекназаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровду кызматтан бошотту.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Бекназаров коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдей албаганына байланыштуу кабыл алынды.

Бекназаров 2019-жылдын декабрь айында Малайзияга элчи болуп дайындалган — бул кызматты ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Бекназаровдун чуулгандуу билдирүүсү

Буга чейин Бекназаров жергиликтүү медианын бирине маек куруп, Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыккан. Ал Кыргызстан канадалык «Центерра Голд» компаниясына коррупциялык схемалардан улам күнөө коё албаганын, экологиялык доодон баш тартканын «утулуу» катары сыпаттаган.

«Кыргызстандын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун негизинде, эл аралык сотто башкача чечкенге толук мүмкүнчүлүк Кыргызстанда бар болчу! Андай жол менен чечүү үчүн биз: "Кумтөр" алтын кениндеги чет элдик компаниялар, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келген "коррупциялык келишим" менен иштеп келгенин, анын кесепетинен Кыргызстанга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык, экологиялык жана моралдык зыян келтирилгенин, алар кимдер тарабынан кантип келтирилгенин айныксыз далилдер менен (алар комиссиялар тарабынан далилденген) тастыктап, күнөөлүүлөрдү өзүбүздүн сот аркылуу жазалап, анан эл аралык сотко барыш керек болчу!» — деген ал.

Бекназаров бийликтин аракетин сындагандан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Фейсбук барагына элчи кызматын тапшырышы керек деп жазган.

Бекназаров май айынын башында президент Садыр Жапаровдун Ширшов тууралуу айткандарын да төгүнгө чыгарган. Энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелген Алексей Ширшовдун Кыргызстанга келиши коомчулукта кызуу талкуу жаратканда Жапаров убактылуу өкмөт Ширшовго бир да кылмыш ишин козгобогонун белгилеп, аны ошол үчүн кабыл алууну чечкенин айткан.

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

Тема боюнча:

Бекназаров: Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгон, президентти катуу жаңылтып жатышат