Азимбек Бекназаров: Бир жарым жылда эл бийликтин шоу, алдамчылык саясатына тоюп бүттү

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров 14-сентябрда уулу Руслан суракка чакырылган шартта бийликтегилерге кайрылуу жасады. Ал эл бир жарым жылда бийликтин «шоу, алдамчылык саясатына тоюп бүттү» деп билдирди.

«Берген убадаңарды аткарган жоксуңар. Ошону кантип аткарабыз деп айласын таппай, бүгүн жандалбастап турган чагыңар. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла. Кеткенче жакшынакай, Сооронбай Жээнбековго окшоп, элден кечирим сурап кетип калгыла, башка жолуңар жок. Алдамчылак, шоу саясатыңар өтпөйт. Эл ишенбей калды», — деди ал.

Бекназаров бийлик башчылары анын үй-бүлөсүнүн артынан түшкөнүн белгилеп, муну «пастык» катары сыпаттады.

«Силер бүгүн бийлигиңердин туу чокусунда турасыңар. Эми кантип ылдый түшөсүңөр, [ошол] маселе калды. Бирок ылдый кетип жатып мындай иш кылганыңар адамкерчиликке жатпайт. [...] Бүгүн силер мен эмес, менин үй-бүлөмө түштүңөр. Бул силердин пастыгыңар. Ушуну менен ким экениңерди көрсөтүп жатасыңар. Мен дагы айтып коёюн, силер аны менен мени чөгөлөтө албайсыңар», — деди ал.

Саясатчы бийлик башындагылар «аларды сырттан колдоп турган Бакиевчилерди дагы алдап келе жатат» деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Бекназаров «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышын «бийликтин кезектеги шоусу» деп эсептейт.

«Кумтөрдөгү былыгыңарды Бөлтүрүккө жаап жатасыңар. Бөлтүрүк – силердин саясатыңардын курмандыгы. Көп болсо агаңдын алтын кучактап турганын Бөлтүрүккө “өзүңө ал, “мен чакырдым эле” де. Бөлтүрүк “ушуну мойнуңа ал, анан биз сени Алымкадыр Бейшеналивге окшоп чыгарып коёбуз” деп. Бөлтүрүктү камаганыңар — силердин кезектеги шоуңар», — деп белгиледи ал.

Саясатчы бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин чече албай жатканын жана бир жарым жылда бир дагы коррупционерди кармай албаганын айтып нааразы болду.

«Силер сыртка чыгарган алтыныңардын дагы отчётун бере албайсыңар. Чек ара маселесин да чече албайсыңар. Коррупция менен да күрөшө албайсыңар. Бир жарым жыл ичинде бир дагы коррупционерди кармай алган жоксуңар, Акаевди баш кылып. Бардыгына рахмат айтып чыгарып жибердиңер. Анан эл силерге кантип ишенсин?» — деп суроо салды ал.

Бекназаровдун уулунун камалышы

14-сентябрда Бекназаровдун уулу — Руслан Бекназаров кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Ал экстремисттик материалды жайылтууга шектелип жатат.

Милициядан фейсбукка мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» террористтик уюмунун идеологиясын пропаганда кылган материалдарды тараткан аккаунт аныкталганын билдиришти.

Аталган факты боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча алгач Руслан Бекназаров суракка алынган болчу.

Руслан Бекназаров — Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары. Ал бул кызматка 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Азимбек Бекназаровдун иштен алынышы

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеште депутат, 2005-жылы Башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Ал эми Беканазаров элчилик кызматынан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон. Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген.

Тема боюнча:

Президент Малайзиядагы элчи Бекназаровду кызматтан бошотту. Ал Кумтөр боюнча келишимди сындаган

Бекназаровдун уулу экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча суракка чакыртылды