Камчыбек Ташиев: Кыргыз чек арасына бир учурда беш жерден чабуул коюлган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында тынчтык орногонуна карабай чыңалуу бар экенин билдирди.

Атайын кызматтын башчысы 14-сентябрда Кыргызстандын чек арасына беш жерден бирдей чабуул коюлганын айтты. Алардын төртү аскер объектиси болсо, бири калктуу Самаркандек айылы.

«Самаркандекте тургундардын 10 объектиси жабыркады. Конфликттин негизги өзгөчөлүгү, биздин тургундарга тиешелүү объектилерге кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана эрежеге жатпайт. Муну туура эмес кабыл алдык. Эгер мындан ары да ушундай боло турган болсо, адекваттуу түрдө чара колдонобуз», — деди ал.

Ташиевдин айтымында, кыргыз чек арасына Тажистандын аскерлери эмес, тургундары чабуул коюшканы байкалды. Ал мындай учур биринчи ирет болгонун белгилеп, аны өтө кооптуу деп баалады.

«Алдын ала провокация даярдалганы тууралуу маалыматтар бар. Алдын ала позицияларын ээлешкен. Биз эч качан коңшубузга карата жаман ойдо болуп же кайсы бир провокацияга даярданган эмеспиз. А булар ошого даярданып жатышат», — деп белгиледи ал.

УКМК төрагасы Кыргызстандын Чек ара кызматы жана аскерлери бардык абалга даяр экенин айтып, чек араны коргоп калганга «күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет» деп белгиледи.

«Бизде буйрук бар. Биздин куралдуу күчтөрүбүз жарандык объектилерге же жай тургундарга эч качан чабуул койбойт жана кол салбайт», — деп кошумчалады ал.

Чек арадагы ок атышуу

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында үч жолу ок атышуу болду. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев атышуунун кесепетинен үч жай тургун, эки жоокер жарадар болгонун билдирди.

Биринчи кагылыш эртең менен Баткен районунун Булак-Башы аймагында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы Булак-Башындагы ок атышууну тажик тарап баштады деп билдирген. Ага Тажикстандын чек арачылары ок атышууну кыргыз чек арачылары баштады деп жооп берген.

Саат 14:00гө жакын Баткен районунун Как-Сай аймагында ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын «Достук» чек ара заставасына ок чыгарды деп билдирген. Белгиленгендей, кыргыз чек арачылары да жооп иретинде ок чыгарган. Ок атышуу саат 14:40та токтогон.

Үчүнчү ок атышуу саат 15:08 чамасында Баткен районунун Паскы-Арык аймагында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик чек арачылары «Самаркандек» чек ара заставасына ок чыгарды деп билдирген. Жооп иретинде кыргыз тарап да ок атканы кабарланат. Ок атышуу саат 16:12ге жакын токтогон.

Тажик тарап Как-Сай жана Паскы-Арыкта ок атышуу болгону тууралуу азырынча билдире элек.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу: Беш кыргызстандык жарадар болду