Саламаттык сактоо министрлиги 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда кыргызстандык үч жай тургун жарадар болгонун билдирди. Ага чейин кыргызстандык эки чек арачы миномёттук аткылоодон жарадар болгону белгилүү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркаган үч тургун Лейлек райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылды.
- 31 жаштагы И. к. Б аттуу аялдын бел тушуна тийип, курсагына кирип кеткен. Ичинен кан кетип, үчүнчү стадиадагы травматикалык шок алганы айтылган. Абалы өтө оор болгондуктан шашылыш операция киргизилген;
- 21 жаштагы Г. у. Б аттуу жаранга «Баш териси айрылган» деген диагноз коюлган. Дарыгерлер абалын орточо оор деп баалап жатат;
- 11 жаштагы С. Н сол далысына жана сол жаагына жагына майда жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.
«Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бейтаптарды кабыл алууга кошумча керебеттер даярдалды. Дарылоочу каражаттар жана медициналык буюмдар, кан компоненти жетиштүү санда», — деп белгилешти министрликтен.
Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы эки чек арачы Булак-Башы аймагындагы ок атышууда кичи минометту жардырууда жаракат алышканын кабарлаган. Алардын маалыматында, миномёттун снарядынан бир чек арачы жеңил жараат алган. Ал эми экинчи жоокердин денесин снаряддын чачырандылары чийип өтүп, ал контузия алган.
Тажикстандын расмий бийлиги жарадар болгондо же жабыркагандар тууралуу азырынча кабарлай элек. Бирок «Азия-Плюс» тажик басылмасы Ворухтагы ооруканадагы булагына таянып, ок атышууда бир тажик чек арачы каза таап, беши жарадар болгонун жазды. «Озоди радиосу» бир киши каза таап үчөө жарадар болгонун кабарлады.
Чек арадагы ок атышуу
14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында үч жолу ок атышуу болду.
Биринчи кагылыш эртең менен Баткен районунун Булак-Башы аймагында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы Булак-Башындагы ок атышууну тажик тарап баштады деп билдирген. Ага Тажикстандын чек арачылары ок атышууну кыргыз чек арачылары баштады деп жооп берген.
Саат 14:00гө жакын Баткен районунун Как-Сай аймагында ок атышуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын «Достук» чек ара заставасына ок чыгарды деп билдирген. Белгиленгендей, кыргыз чек арачылары да жооп иретинде оч чыгарган. Ок атышуу саат 14:40та токтогон.
Үчүнчү ок атышуу саат 15:08 чамасында Баткен районунун Паскы-Арык аймагында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик чек арачылары «Самаркандек» чек ара заставасына ок чыгарды деп билдирген. Жооп иретинде кыргыз тарап да ок атканы кабарланат. Ок атышуу саат 16:12ге жакын токтогон.
Тажик тарап Как-Сай жана Паскы-Арыкта ок атышуу болгону тууралуу азырынча билдире элек.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 14-сентябрь саат 18:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу боюнча экенин билдирген.
Ал арада эки тараптын өкүлдөрү жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биринчи макулдашууга жетишишкен. Ошентип, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү чек арадагы абалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Төрт-Көчө аймагында болушат жана мамлекеттердин райондук милиция бөлүмдөрүнүн жеке курамы аймакты карап турушат.
Дагы окуңуз: Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы Төрт-Көчө аймагында көзөмөл жүргүзүүнү макулдашышты
Башкы беттеги иллюстрациялык сүрөт