Салтанаттуу азем менен Байсалов. Кыргыз балбандар күрөш боюнча чемпионаттан кайтышты

15-сентябрь таңкы саат 5:00дө грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Сербиядан Бишкекке учуп келди. Балбандарды жакындары жана чоң мансаптагы аткаминерлер салтанаттуу азем менен тосуп алышты.

Белградда өткөн чемпионаттан алтын медаль алган Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков, коло медаль алган Амантур Исмаилов, башкы тренери Азат Эркимбаев жана улук тренер Улукбек Карачолоков менен бирге келишти.

Спортчуларды ата-энелери, жакындары жана күйөрмандары гүлдестелер менен эл аралык «Манас» аэропортунан тосуп алышты.

Атайын уюштурулган аземде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Азамат Жаманкулов атлеттерди куттукташты.

«Кыргыз күрөшүндө жаңы барактар ачылды, жаңы тарых жаралды. Ошол тарых үчүн, ошол үмүттөр үчүн ошол кубаныч үчүн, ошол сүйүнүч үчүн баатырларыбызга чоң ыраазычылык билдиребиз», — деп жыйынды ачты Жаманкулов.

Ал эми Байсалов президенттин спортчуларга арналган куттуктоосун окуп берди.

«Биздин президентибиз Садыр Жапаров сиздерге ысык салам айтып, кыргыз жериңерге жеңиш менен кайтып келгениңер менен куттуктайм. Анан албетте сиздерди жакын арада жакшы даңазалап сыйлайбыз», — деди ал.

Эркектер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков чемпион болушту. Ал эми Амантур Исмаилов коло медаль багынтты.

Айсулуу Тыныбекова болсо аялдар арасындагы күрөштө 62 килограмга чейин салмактагы мелдешке катышып, коло медалын ала албай калды.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Сербиянын борбор калаасы Белград шаарында 10-сентябрда башталган. Чемпионат 18-сентябрга чейин уланып, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештерден турат. Күрөштүн ар бир түрү боюнча он салмактык категорияда медалдар ойнотулат.

Автору: Рустам Макенов