Чек ара жаңжалда жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти

16-сентябрда саат 15:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 42 адам жараат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жабыркаган 42 адамдын ичинен 19у Баткен облустук бириккен ооруканасына, ал эми 18 киши Лейлектеги райондук ооруканага түшкөн. Мындан сырткары, беш адам Бишкек шаарына жеткирилди.

Басма сөз кызматынан жараат алгандар жана алардын саламаттыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилээрин белгилешти.

«Бишкектен чек арадан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге үч дарыгерлер бригадасы учуп кеткендигин маалымдайбыз. Алардын ичинде түрдүү профилдеги хирург, анестезиолог-реаниматолог жана башка адис дарыгерлер, медициналык кызматкерлер бар», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда куралдуу кагылышуу Баткен облусунун үч аймагында катталган.

15-сентябрь күнү УКМКнын Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болсо «абал тынч экенин, бирок чыңалуу бар экенин» белгилеген. Кыргыз бийлиги беш киши жарадар болгонун билдирген, ал эми тажик ЖМКлары эки тажик чек арачысы каза болуп, 11 адам жараат алганын жазышкан.

16-сентябрда чек ара чыры курчуп кеткен. Чек арачылардын маалыматына ылайык, тажик тарап таңкы саат 06:00дөн тартып Кыргызстандын аймагына ок ата баштаган. УКМКнын саат 16:00го карата маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтын жетекчилери ок атышууну токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Баткен жана Лейлек райондорунун тургундарын эвакуациялоо үчүн убактылуу баш калкалоочу пункттар уюшулганын билдиришти.