Абдикарим Алимбаев: Тажик аскерлери басып алган айылдардын баары бошотулду

Тажикстандын аскерлери басып алган чек арага чектеш айылдардын баары бошотулду, бирок абал «оор» бойдон калууда. Бул тууралуу 17-сентябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, түнкүсүн ок атышуу болгон эмес, бирок кырдаал «курч».

«Учурда тажик тарап менен биргеликте биз чек арадагы кырдаалды турукташканга чейин ишти алып барабыз. Түнү кыргыз бөлүктөрүн басып алган айылдардагы тажик аскерлери чыгарылды», — деди ал.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда, кыргыз Чек ара кызматырын маалыматы боюнча, Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен. ӨКМдин маалыматына ылайык, 136 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Ал арада активисттер Бишкектеги Ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология