Чек арадагы куралдуу жаңжал: АКШда кыргызстандыктар митингге чыгышты

Чикагодогу кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка нааразычылыгын билдирип тынчтык митингине чыгышты.

Ондогон киши «Согушка жол жок» жана «Тажикстан – агрессор» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Нью-Йоркто Кыргызстандын жарандары БУУнун имаратынын алдына топтолушту. Чогулгандар мекендештерине карата Тажикстандын агрессиясын токтотууга чакырышты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги чек арада болуп жаткан окуяларды Тажикстандын «кол салуусу жана аскердик агрессия» катары баалады. Ал эми тажик тарап жаңжалды кыргыз тарап баштаганын айтып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 10:00 карата маалыматына ылайык, чек арадагы атышуунун кесепетинен 36 киши каза болгон.

Ал эми чек-арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 адам коопсуз аймакка эвакуацияланган.

Мындан тышкары дагы 5301 киши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан коопсуз жайга чыгып кетти.

Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кагылышууда кыргыз тараптан жоготуу «көп» экенин билдирди. Анын айтымында, көпчүлүгү — аскер кызматкерлери.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Тараптар куралдуу кагылышууга бири-бирин айыптап жатат.